Кыргыз-Тажик чек арасындагы Ак-Сай айылында кайрадан ок атылды. Мындай маалыматты Чек ара кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июлда жаңжал чыккан аймактын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баш болгон топ барган.
"Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда тажик тараптан эки ирет ок атылган. Анын кесепетинен Кыргыз чек ара кызматкери жаракат алган. Учурда чек аранын аймагында коопсуздукту камсыздап жаткан кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өттү", - дейт маалымат кызматынан.
22-июлда Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Уруш учурунда жарандардын бири курал колдонуп ок чыгарган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан жаңжалдан 8 адам жабыркаганын, экөөнө операция жасалганын кабарлашкан. Ак-Сай айылынын жашоочусу болсо 11 адам жабыркап, алардын тогузу октон жаракат алганын айтты.
Жаңжал боюнча Кыргыз жана Тажик чек ара кызматы да билдирүү таратты. Тажикстан тарап жаңжалдан 1 адам каза болуп, 10дон ашуун адам жаракат алганын маалымдады.
Кыргыз-Тажик чек арасында бүгүн, 23-июлда саат 7:30га карата маалымат боюнча абал салыштырмалуу туруктуу деп бааланууда. Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев Баткен облусуна учуп кетти.
Жаңжалдан кийин Лейлек районуна кете турган Исфана-Баткен унаа жолу жабылганы маалымдалган.