Буга чейин Баткенде тажик аскерлеринин аткан огунан каза болгон Лейлек районунун Интернационал айылынын тургуну Мадина Рахматжанованын апасы менен сиңдисине операция жасалганы маалымдалган.
Кечээ, 20 майда Нарбүү Хамдамова кичүү кызы менен ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Хамдамова менен байланышканыбызда белгилүү болду.
Айтымында, алар эртең, 22-майда маркум кызы Мадина Рахматжановага арнап куран окутушат.
"Кечээ Интернационал айылындагы үйүбүзгө чыгып келдик. Буюрса, ден соолугубуз жакшы болуп бара жатат. Эртең айыл элин чакырып, куран окуталы деп турабыз. Бардык дарыгерлерге, бизге жардам бергендерге ыраазыбыз. Кызым Мадинанын ордун эч нерсе толуктай албайт, бирок айла жок Кудайдын буйругуна баш иебиз", - деди ок тийип каза болгон Мадина Рахматжанованын апасы.