Үч айдан соң... Чек арадагы чыр кайра эле Көк-Таш айылында болду

Бүгүн, 6-августта таңкы саат 05:00 чамасында Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек ара аймагында кайрадан чыр чыкканы маалымдалган.

Чыр Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылында болгон. Бул тууралуу аталган айылдын жашоочусу Нуртилек Каримов SUPER.KG порталына билдирди. Айтымында, ок атышууда Мамлекеттик чек ара кызматынын заставасынын башчысына ок тийген.

"Чек ара кызматынын заставасынын башчысына таңкы саат 5терде ок тийгени айтылууда. Азыркы тапта ал ооруканада экен. Чырдын чыгуу себебине мурунку чырдын да байланышы бардыгы кабарланууда. Бирок азырынча ал айтылгандарды айтпай турганым туура, маалымат такталсын", - деди Каримов.

Белгилей кетсек, буга чейин ушул жылдын 8-майында Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Жергиликтүү тургундардын жана расмий бийликтин билдиришинче, чыр жер тилкесин талашуудан чыккан жана аныгында талашка түшкөн жер тилкеси кыргыздарга тиешелүү болгон. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылган.

Ок атышуунун кесепетинен Чек ара кызматынын 3 аскери жана 1 тургун жаракат алган. Ал 3 аскер кызматкери Бишкекке алып келинген. Чек ара чырында ок тийип жаракат алган С.уулу М. аттуу аскердин абалы оор экени айтылган.

Ал эми окуя боюнча эки өлкө тең бири-бирин күнөөлөп жатышат. Буга чейин Кыргыз өлкөсү чек арадагы чыр боюнча Тажикстанга каршылык билдирүү нотасын жөнөткөн. Тажикстан нотага жооп берген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан