"Бүгүн вице-премьердин маалыматын уга турган күн эмес, аны отставкага кетирүү күнү" дейт депутат

“Бүгүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун маалыматын уга турган күн эмес, аны отставкага кетирүү күнү” деп бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зарылбек Рысалиев билдирди.

Бүгүн коопсуздук тармагын тейлеген вице-премьер-министрдин отставкасы тууралуу маселени кароо шарт экенин айтты. “Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна жазгы талаа иштери менен таанышуу үчүн кетиптир. Ал жерде картошка кантип эгиле турганы менен таанышабы?” - дейт депутат.

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маселени кароо күн тартибине коюлган. Бирок депутаттар премьер-министр жыйынга келбегендиктен бул маселени кийинкиге жылдырууну сунуштап жатышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан