Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдали кызынын портрети медициналык колледждин жатаканасынын имаратына түшүрүлдү

Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдали кызынын портрети Бишкектеги Медициналык колледждин жатаканасынын имаратына түшүрүлдү. Портретти "DOXA" арт тобунун мүчөлөрү тартышкан.

Белгилүү болгондой, бул эмгек гендерлик көйгөй, анын ичинде турмуш куруу максатында ала качуу аркылуу кыз-келиндерге көрсөтүлгөн зомбулукка коомчулуктун көңүлүн бурдуруу үчүн ишке ашырылган. Ошондой эле "Аялдарды колдоо борбору" коомдук бирикмесинин адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата 25-ноябрдан 10-декабрга чейин өтө турган иш-чараларынын башталышы катары белгиленген.

Медициналык колледждин директору Чолпон Усубалиеванын айтымында, Бурулай Турдали кызынын портрети коомчулуктагы орчундуу көйгөйдү көрсөтүп, жаштарды туура жолду тандоосу керектигин эскертип турат.

"Ала качуу өлкөбүздөгү аябай коркунучтуу социалдык көйгөй болуп калууда. Салт деп да айтып келишет, бирок бул андай эмес. Ушул көрүнүш менен канчалаган кыргыз кыздарынын тагдыры талкаланып жатат. Алардын кыялдары кыйылып, билим алуу, тандоо эркиндиги чектелип жатат. Бурулай бизде окуп билим алууну, акушер болууну каалаган эле. Туугандарына, курбуларына кандай оор болгонун көрдүк. Мындай нерсе кайталанбасын. Бул трагедия жаштардын, коомчулуктун оюн өзгөртөт деп ишенем. Бир нерсе жасоонун алдында ойлонуп туура жолго баргыла", - деди ал.

 

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zhaku2017
2018-11-23 14:49:44
Туура. Элдин тушунугун озгортуш керек. Болбосо аялдар эски салтын жана башка диний коз караштардын курмандыгына айланып калышат. Бизде аялдар ар дайым диний тушунуктордун же салттык тушунуктордун курмандыгы болуп келишкен.
+5
Eli.91
2018-11-23 17:48:05
Бул корунушту кобу туура дегени менен,чыныгы дуйносундо бул кызга ото оор акыбалга калтыргандайбыз!канчалаган адамдар бул суротко караган сайын ал кызга азаптанып атканын ойлогон эч бир Жан жокго,даже оз канынан жаралган ата-энесида ойлобоптур да аттин.
+5
Kurbanalieva1991
2018-11-23 22:24:39
Бул суротту илген менен кызды тирилтип келалбайбыз,жаткан жери жайлуу болсун! Кунооолуулорду сурака алгандан бери тушунуксуз, чаржайыт иштеп жатышат.
+4
maks1980bishkek
2018-11-24 10:13:51
байкуш ай.жаткан жери жайлуу болсун
+1
Benazir08
2018-11-24 10:26:58
Байкуш буну кызганып эле союп койду да жок буну сойгучан ана кызматкерлер не кылып отурушту унун чыгарбай сойдубу? Кирерде кыз мн баланы текшериш керек эле бул кызжы да жамааан кыйнашты бурмалап. Каап ушул кыз ала качуу коообунун тагдырын жан дуйносун нервин талкалайт экееен..... Эркектер жапайычылыкты жоюп ачык айкын эле суйлошуп алгылачы.
+3
Benazir08
2018-11-24 10:28:53
Сот адилетсиздик болуп атат узартып эле тарс эле ачыгын айтып элге жарыяласын утуру ана Марс Бодошев беле бала онун деле пулун соро бербей ал жигит же кызганып сойду же кызматкерлер ошол жолго жол ачып берди шалаакылар кызматынарды так аткарбаганы учун ушундай иш болду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан