Дүйшөнбек Зилалиев Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековду маанисиз тирешти токтотууга чакырды

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев мурдагы жана азыркы президенттин мамилесин маанисиз жана жоопкерчиликсиз тиреш деп атап, аны токтотууга чакырды. Зилалиев мындай пикирин калкка жасаган кайрылуусунда билдирген.

Анын айтымында, өзүнүн мамлекеттик кызматтан кеткенине бир жылдан ашты. Өзүнө-өзү саясатка аралашпайм деп убадалап, бул убакыт аралыгында үй-бүлө жана бизнес менен алектенген.

"Саясатка аралашпасам да менин дарегиме карата кадыр-баркыма шек келтирген каралоо аракеттер токтобой жатат. Мунун баары калп жана аны далилдейм. Азырынча талдап кенен жазбай турайын, акыйкаттык болот деген үмүт бар.

Бул кылмыш иш - мени адилетсиз соттогон "бомба" жөнүндөгү иштин бир копиясы. Ал эми туура эмес толтурулган салык декларациясы үчүн түрмөгө отургузуу бул кандайдыр бир жаңычылдык. Көрө жатарбыз", - деп жазат Зилалиев.

Ал кайрылуусунда коомчулуктун көңүлүн башка нукка бурууну каалаганын билдирген.

"Мени Атамбаевдин эң жакын тарапташы дешет. Ооба, ошондой. Мен өзү менен жолукканда бере турган бир катар суроолорум бар.

Мурдагы өкмөт башчы, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен да иштешкем. 2017-жылы шайлоо алдындагы мезгилде мени Жээнбековдун күйүккөн тарапташы дешчү. Бул да чындык. Мындай абалда болуу мага гана эмес көптөгөн саясатчы жана жетекечилерге тиешелүү болчу.

Азыркы учурда такыр башкача абал түзүлдү. 2017-жылы президенттик шайлоо учурунда биринчиси (Атамбаев), анын досу Жээнбековго каршы иштеген жетекчилерге чара көрүп, жумуштан кетирген. А экинчиси (Жээнбеков), шайлоодон кийин ал үчүн чуркаган көптөгөн жетекчилерди иштен кетирип, бир бөлүгүн каматып да жиберди.

Мунун баарын коррупция менен күрөшүү деп түшүндүрүү аракеттери болуп жатат. Бирок көпчүлүгү бул жер "Сингапур" жыттанбай эле, баналдуу тирешүүгө окшоп жатканын түшүнүп калышты", - деген Зилалиев Атамбаев менен Жээнбековду мурдагы досторум деп атап, алардын бул тиреши баарын тажатканын белгиледи.

"Силер өлкөнү коркунучтуу чекке алып келдиңер. Бир жылдан ашты, биз өлкөнү өнүктүрүүнү эмес, эки тараптын тирешин көрүп келе жатабыз, мындан жарандар жана алардын үй-бүлөсү запкы көрүп жатат. Түзүлгөн абал кульминациялык чегине жетип калды, бул ушинтип эле тура бербейт да. Баары билгендей, 2 адам урушса 3-сү жеңет. Бул жашоонун аксиомасы. 3-күч пайда болду жана муну көбү түшүнүп калды", - деген мурдагы вице-премьер-министр алар тирешин өз учурунда токтотпосо өлкөнү коллапска алып келерин белгилеп, көп кыйналган калк 3-революцияны көтөрө албарын кошумчалаган.

Мындан тышкары ал Сооронбай Жээнбековдон УКМКнын СИЗОсунда отурган Салайдин Авазов (64 жашта), Жантөрө Сатыбалдиев (63 жашта), Тимур Биримкулов (57 жашта) үчөөнө көңүл буруусун өтүнгөн. Буга Зилалиев алардын жаш курагын жана саламаттыгын жүйө келтирип, президенттин өзүнүн да жашы 60та экенин эсине салган. Зилалиевдин кайрылуусу аны саясатка кайтып келерин билдирбей турганын, кайтууну каалабастыгын, болгону айтылып жаткан калп сөздөрдөн улам кайрылууга аргасыз болгонун белгилеген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан