Бүгүн, 13-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жээнбеков ант берип жаткан күнү жардыруучу зат тууралуу жалган маалымат тараткан факт боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. УКМКнын маалыматында "ИИМ Академиясынын курсантынын айтымы боюнча, жардыруучу зат тууралуу маалыматты Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев айткан" деп жазылган.
Дүйшөнбек Зилалиев болсо SUPER.KG порталына жогорудагы маалымат абсурд экенин жана болгону курсант кыздын формасына сын айтканын билдирген.
Ал эми Мамлекеттик мүлк фондунун басма сөз кызматы "Дүйшөнбек Зилалиев өкмөттүк жолдо кетип баратып, жол жээгинде турган курсант кызга "формаңды кичине оңдоп алчы" деп эскертүү берген экен. Балким, ал кыз форманы "бомба" деп угуп алса керек", - деп жооп беришти.