Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди шарттуу түрдө 3 жылга соттоду. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Жогорку Соттон кабарлашты.
"Сот аны 3 жылга соттоду. Ал Жазык-процессуалдык кодексинин 63-беренесинин негизинде 2 жыл сыноо мезгили менен шарттуу түрдө жазасын өтөйт. Бул аралыкта ал эч жакка чыкпайт, дайыма көзөмөлдө болот", - деди маалымат катчы.
Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Зилалиевдин күнөөсү толугу менен далилденгенин билдирип, соттон айыпталуучууну 2 жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөөсүн өтүнгөн.
Айта кетсек, буга чейин "Дело №" гезити президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Басылманын маалыматында, ИИМ Академиясынын курсантына, кара Лексус айдап жүргөн белгисиз адам өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлганын айткан. Ал жерге Бишкек ШИИББинин ыкчам-тергөө тобу барып, шектүү эч нерсе табышкан эмес. Кийинчерээк бул маалыматты айткан Зилалиев экени белгилүү болуп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.
Дүйшөнбек Зилалиев болсо SUPER.KG порталына жогорудагы маалымат абсурд экенин жана болгону курсант кыздын формасына сын айтканын билдирген.