Бүгүн, 10-декабрда УКМК мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин кармалышы боюнча расмий маалымат таратты.
Андагы маалыматка караганда, Зилалиев 2011-2016-жылдары мамлекеттик кызматта туруп жеке өзү 2 миллион 541 миң 527 сом, жубайы 408 миң сом киреше тапканын көрсөткөн. Бирок тергөөнүн жыйынтыгында Зилалиевдин башка дагы акча каражаттары жана кыймылсыз мүлктөрү бар экени белгилүү болгон. Тактап айтканда, 2018-жылдын сентябрына чейин коммерциялык банктардын бирине сактап жүргөн 889 миң 900 доллар акчасы табылганы маалыматта жазылат.
УКМК жарыялаган маалыматка ылайык, Зилалиевдин декларациясына көрсөтпөй койгон батир, үй жана жер тилкелери да бар экендиги аныкталган, бирок ал мүлктөр жакындарынын атында болгон.
"2017-жылдын 17-апрелинде Зилалиевдин жакындарынын бирине Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эки кеңсе имараты катталган. Алып-сатуу келишимине ылайык, имараттын бири 34 миллион сом, экинчиси 19 миллион сом турат.
Ошондой эле ал Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп турганда, жумушу жок жакынына Кыргыз жериндеги алтын казылуучу жана бир канча кен байлыктар жаткан жерлердин лицензиясын каттап койгон", - деп жазылат маалыматта.
Жогорудагы фактылардын негизинде ага 7-декабрь күнү Кылмыш-жаза кодексинин "мыйзамсыз баюу" беренеси менен иш козголуп, Бишкектеги үйүнөн кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 9-декабрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.