УКМК "Зилалиевдин айткандары жалган" деп жооп берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы камактагы мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин билдирүүсү боюнча жооп таратты.

Мекемеден билдиришкендей, Зилалиевдин айткандары чындыкка дал келбейт жана ал кандайдыр бир көрсөтмө берүүдөн баш тарткан, бирок буга карабай ага козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

"Дүйшөнбек Зилалиев коомдун башын айландыруу максатында бир нече жолу чуулуу билдирүүлөрдү жасаган. Буга байланыштуу УКМК эч нерсе менен тастыкталбаган билдирүүнү кылмыш жоопкерчилигинен качуу жана ишти саясатташтыруу аракети катары баалайт", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн Дүйшөнбек Зилалиев кайрылуу жасады. "УКМКнын кызматкери мага "кытай компаниясынан кайсы бир лицензия маселесин чечип берүү үчүн Икрам Илмиянов аркылуу Атамбаевге 1 миллион доллар бердим" деген көрсөтмө берүүнү сунуштады. Эгер ушундай көрсөтмө берсем, мен күбө катары суралып, УКМКнын тергөө абагынан бошотуларымды убадалады. Албетте, сүйлөшүүдөн майнап чыккан жок. Эми мага карата козголгон кылмыш иши адилеттүү чечилерине үмүт жок", - деди экс-вице-премьер.

Окуянын чоо-жайы:

Зилалиевге 2017-жылдын 1-декабрында Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) менен иш козголуп, 2018-жылдын 18-октябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту шарттуу түрдө 3 жылга соттогон. Буга жактоочулары каршы экенин билдирип, шаардык сотко арыз менен кайрылышкан. 15-январда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Ал эми 2018-жылдын 7-декабрында ага "мыйзамсыз байыган" деген айып менен кылмыш иши козголуп, кармалган. Ошол эле күнү сот аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан