Жогорку Кеңеште Кыргыз-Тажик чек ара маселеси жабык эшик артында талкууланып жатат. Ага премьер-министр жана вице-премьер катышууда

Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңеште Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө. Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча маселени талкуулоого келгенде журналисттер сыртка чыгарылды.

Учурда Кыргыз-Тажик чек ара маселеси жабык эшик артында талкууланып, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер Жеңиш Разаков жана өкмөттүн айрым өкүлдөрү катышууда.

Буга чейин белгилүү болгондой, Жогорку Кеңеште Кыргыз-Тажик чек ара маселеси 3-апрелде каралмай болгон.

Окуянын чоо жайына кайрылсак:

13-мартта Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы айтылса, 4 Кыргыз жараны жаракат алып ооруканага жаткырылган.

18-мартта эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыккан. Жыйынтыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшкан.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан