Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан кайтыш болгон Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты

Бүгүн, 17-сентябрда Баткен облусунун Исфана шаарында аскердик милдетин өтөө маалында каза болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Чек арачыны акыркы сапарга узатуу зыйнатына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы курман болгон Равшан Муминовдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. "Биз оор жоготууга учурадык. Мекени үчүн, улуттук кызыкчылыктарды коргоо үчүн өмүрүн берген, өлкөбүздүн чыныгы мекенчил уулунан ажырадык. Баарыбыздын кабыргабыз кайышып, бүтүндөй өлкө кайгырып турат", – деди Абылгазиев.

Маркум Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө Жогору Кеңештин жана өкмөттүн атынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Muslim_KGstana.
2019-09-17 19:40:54
Бир тууганыбыздын жаткан жери жайлуу болсун,Аллах мээримине алсын,артында калган бала-чака,ата-энесине ден-соолук,омур берсин!!!
+13
Alixan-Nookat.2015
2019-09-17 19:47:32
Чогуу кызмат өтөгөн элем чынында аябай жакшы бала эле эч кимге жамандыгы жок. Равшан жаткан жериң жайлуу топурагын торко болсун!
+15
katerina.li
2019-09-17 19:50:14
Премьер-министр дин журогу болк этти болду экенби,боздогон ата энесин,сыздаган бала чакасын коргондо??
+9
Migrant-rf
2019-09-17 20:14:56
Тиги кепка кийген чиновниктер калпак кийип алса болмок экен алкаштай болбой.
+14
Migrant-rf
2019-09-17 20:17:16
Мына ушул өлүм чыныгы баатырларча өлүм болду, чыныгы шейит болду. Кайдагы ак үйдү тоногон бандиттерди баатыр шейит дегендерден миң эсе артык бул ШЕЙИТ РАВШАНБЕК. (Туугандардан экенда)
+15
raikakyz
2019-09-17 20:21:06
Migrant-rf,Туугандардан болсо дагы Кыргызстанды коргоп жатып олду байкуш.Жаткан жери жайлуу,топурагы болсун.Аллах оз мээримине алсын ылайым.
+14
Migrant-rf
2019-09-18 03:11:03
raikakyz, Эмне алар мекен үчүн өлбөй только Кыргыздар өлө бериш керекпи? Өлсө өлүптүрда бир тууган мекени үчүн, миллионго жакын туугандардан эми биринчи жолу көрүп жатабыз мекен үчүн өлгөнүн, болбосо бүт эле Кыргыздар өлөт байкуштар.
-4
altyn-kumush
2019-09-17 21:15:20
Жаткан жери жайлуу болсун! Азаматтарыбыз бири алкаштын колунан мерт кетти, экинчиси жер саткычтын айынан окко учту! Аттин кеткен омур!
+5
pero5184
2019-09-18 00:38:59
Не болсо эле өкүмөттү күнөөлөй бербейли, өзүбүз да күнөөлүүбүз . Шайлоодо болбогон акчага сатылабыз да, таза иштей тургандар калып кетет.
+3
KAYRATBEK
2019-09-18 03:19:31
Аллахым билип билбей пендечилик кылып откоргон куноо иштерин кечире кор.
+2
Nuri1988Elim2010
2019-09-18 11:11:28
Тим эле катышты деп, Карапайым Эл олуп кетип жататда.Бул чондордун кирпиги кыйшайбайт.Дагы Кыргызстан тарап куноолу дегенине олгун келетта.Бийлик Атамбаевди кармаганда кандай болушту эле.Кана чек арага келгенде жалан эле Бир он чакты чек ара кызматкерлери менен солдаттар.
0
senchi
2019-09-18 12:06:57
Чек арада кагылышуу башталды дегенде эле барганында аскер каза болбойт эле. Чимкириктер өлгөндөн кийин барышат иштен куулуп кетпейин деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан