Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Жоробай Байзаков президентке, өкмөткө кайрылуу жасап жатып, Кыргыз-Тажик чек арасында ок атуу, таш ыргытуу өңдүү көрүнүштөр адатка айланып бара жатат деп билдирди.
"Көк-Таш, Баткен, Кыргыз мамлекети ата-бабалардан калган жер, ошол жерден биздин балдардын күлкүсү чыгып, эч бир коркунучсуз абалда чоңойсо деп тилейбиз. Тилекке каршы, күндөн-күнгө ал жерде улут аралык кастык күчөп, жаңжал ырбап жатат. Биз үчүн Көк-Таш айылынын ар бир метри алтынга алмашкыс баалуу. Бул жер маселесине кайдыгер карабай, ушул абалды эртерээк чечип беришет деп үмүт артып келдик", - деди ал.
Абдулла Назаров аттуу Көк-Таштын тургуну да сөз сүйлөп, абалдын ырбап баратканы өкүнүчтүү деген оюн айтты. Ал белгилегендей, Кыргыз жана Тажик жарандарынын үйлөрү аралаш болгондуктан, 2 бала уруша кетсе да улуттар ортосунда чыр чыгып кетүүдө. Мындан улам такталбаган аймактарга тактоо киргизип, тынчтыкты, ынтымакты камсыздоо учурдун чоң талабы болуп турат.