Коопсуздук кеңеши азыркы саатка карата Баткендеги абал боюнча маалымат берди

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы 2-майга карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал туруктуу экенин кабарлайт.

Учурда тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда бир катар маселелер чечилүүдө дешет мекемеден.

"Ош-Исфана жолу боюнча автоунаалардын кыймылы жанданды, Тажикстандын аймагында болгон кыргыздар өлкө аймагына жеткирилди. Тараптардын күчтөрү менен каражаттарын туруктуу жайгашкан жайларына алып чыгып кетиши үчүн алар турган жерлерди биргелешип кароо иштери башталды, Баткен облусуна гуманитардык жана медициналык жардам көрсөтүү жана жаңжалдан кийинки мезгилде калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат".

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жаңжалды андан ары күчөтүүгө жол берилбестигин жана аны тараптардын конструктивдүү тынчтык диалогу аркылуу гана чечүүнүн маанилүүлүгүн билдирет. Ошондой эле ок атышууну токтотуу жана аскерлерди чыгарып кетүү жөнүндө буга чейин жетишилген келишимдерди сактоо зарылдыгын баса белгилейт.

Кырдаал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан