Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров абактан чыгышы зарыл. Мындай пикирин бүгүн, 9-апрелде маалымат жыйынында саясатчы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, эл саясий тирешүүлөрдөн тажады. "Мен карапайым адамдар менен жолуккам. Алардын талабы - экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы тирешүүнү токтотуу. Бул тиреш өлкөнүн өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип, коомду экиге бөлүп, чоң жаңжалга алып барууда. Муну токтотуу зарыл", - деди Ташиев.
Мындан тышкары ал бийлик Текебаев менен Жапаровдун абактан бошотулушу боюнча саясий чечим чыгарышы зарыл экенин айтты. "Абакта отурган бул эки адам - коом үчүн маанилүү адамдар. Азыркы системди түзүшкөн, көп жылдар бою депутат болушкан. Буларды кылмышкер деп эсептебейм. Алардын эркиндикке чыгышы - элдин тилеги", - деп кошумчалады саясатчы.