"Өмүрбек Текебаевдин ден соолугу текшерилип жатат, анализдери чыга элек" дейт анын жактоочусу

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин ден соолугу учурда текшерилип жатат, анализдери чыга элек. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта SUPER.KG порталына анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, Текебаевдин ооруканадан качан чыга турганы азырынча белгисиз.

Өмүрбек Текебаев медициналык кароодон өтүү үчүн Улуттук кардиология борборуна чыгарылганы маалымдалган.

Эске салсак, былтыр жаз мезгилинде Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bekmirzach
2018-08-07 12:41:58
Бул коррупционер жазасын отоп бутмойун чыгарбаш керек. мыйзам баарына бирдей
-1
bond
2018-08-07 13:05:33
bekmirzach,негедир ошол мыйзам Азиз Батукаев учун иштебеди.
+2
fora
2018-08-07 17:23:24
bekmirzach, карупсиянер экенин далилдей албай койдуго АША кучко салып эле камап койгон же сенда барсынбы ошол афиристердин командасында
-1
surgeon777
2018-08-07 13:03:00
Урматтуу админ,кечээ сиздерге кайрылдым эле,соцтармакта журуп жаткан маалыматтын чын-тогунуно жетип маалымат берип койгулачы:ырчы Роза Аманова эжебиздин Жогорку Медициналык окуу жайдын ректору болушу копчулуктун кыжырын кайнатып жатат,элдин айтымында ыр-куусу менен болочоктогу врачтарды дайындайбы деп жатышат.Негизи эле ал эженин,куйоосунун медициналык окуу жай ачышы канчалык денгээлде мыйзамдуу ж.б суроолор коп айтор...
+1
admin_media
2018-08-07 16:43:15
surgeon777,сунушуңуз-сурооңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилген.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан