Абактагы саясатчы Эрнест Карыбеков жатак-абагына которууну суранды

Абактагы саясатчы Эрнест Карыбеков Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан жатак-абагына которууну суранды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде SUPER.KG порталына Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев билдирди.

Эрнест Карыбеков учурда №1 абакта кармалып турат. Жаңы кодекстердин ишке киргенине байланыштуу камактагы саясатчы Карыбеков өзүнүн жаза мөөнөтүн кайра карап чыгуу өтүнүчү менен Жогорку Сотко арыз жазган. 25-мартта Жогорку Сот саясатчы Эрнест Карыбековдун жаза мөөнөтүн 14 жылдан 11 жылга кыскарткан.

2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган. Эрнест Карыбеков "кылмышты жаап-жашыруу" жана "мамлекеттик чыккынчылык" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилген. Өткөн жылдын 7-июнунда кылмыш иши Жогорку Сотто кайра каралып, жаза мөөнөтүн 6 жылга кыскарткан. Ушул жылдын 12-февралында абактагы саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов мөөнөтүнөн мурда бошотулганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан