Эркиндикти сүйгөн, жумшак мүнөз жана жайдары сапат ушул күнү төрөлгөндөргө тиешелүү. Башкалардын мамилеси да назик, аяр болушун каалашат. Ар дайым элдин назарында болуп турушу керек, эгер андай көңүл буруу жок болсо бат эле депрессияга түшүп кетишет. Туюму күчтүү, кээ бир маселелерди сезимине ишенип чечип коюшат.
Калыстыкты жактырган, жаңы нерсени үйрөнүп алдыга умтулууга аракет кылган жана берешен бул адамдар башка суу куярлар сыяктуу өзгөлөр менен бат тил табышып кетишет.
Дагы бир өзгөчөлүгү катары алардын жагымдуу көз карашын, ажарлуулугун айтсак болот. Башкаларды бат эле арбап алышканы менен, эмоционалдык жактан муздак келип, бирөөгө ачыла беришпейт. Ошентсе да ишенимдүү дос, түгөй болушат.
Бул күнү жарык дүйнөгө келген атактуу өкүлдөрдүн катарында саясий ишмер Аскарбек Шадиев, австриялык композитор Франц Шуберт, болгариялык белгилүү көзү ачык Ванга, америкалык ырчы Жастин Тимберлейк, грециялык ырчы Елена Папаризу жана орусиялык биатлончу Александр Логинов бар.