Астротөлгө: 13-август күнү төрөлгөндөр табышмактуу болушабы?

13-августта ар тараптуу жана эмоциялуу адамдар төрөлүшөт. Табиятынан энергиялуу келип, бат ачууланып, ошол эле учурда бат жазылып кетишет. Алар үчүн сүйүүсүз жашоонун маңызы жок. Махабат аларга абадай керек. Сүйүктүүсүнө жетпей калса түнт адам болуп чыга келет.

Бул күнү төрөлгөндөр ийгиликке жеткенге чейин бир нече тоскоолдуктарды жеңип өтүүсү зарыл. Жашоого болгон өзгөчө көз карашка ээ мындай адамдар ар түрдүү кыйынчылыктарга туш болсо да оптимист бойдон калышат.

Ушул күнү жарыкка келгендер табышмактуулугу менен айырмаланып, сырларын башкаларга оңой менен төгө бербейт.

Түгөй катары элдин сын-пикирине туруштук бере алган, шайыр жана чынчыл адамды тандашат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан