25-мартта төрөлгөн адамдар токтоо, акылдуу, аракетчил болушат. Алар жашоого активдүү көз караш менен карайт. Бир нерсе жасоо колунан келбесе жөн эле мурдун тыга берүүнү жактырышпайт, билген ишин кылууну каалашат. Бирок аракетчил болгондуктан тобокелге баруудан коркушпайт, кыйынчылык болсо да артка кайтпастан ийгилик жаратууга бел байлашат. Жумуш жаатында өзүнүн күчтүүлүгүн жана алсыз жагын жакшы билишкендиктен, ошого жараша иш кылышат.
Ал эми үй-бүлө бул күнү төрөлгөн адамдар үчүн негизги ролду ойнойт. Үй-бүлөгө карамдуу, камкор болууга аракет кылышат.