Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова кызматынан бошотулду

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде өкмөттүн маалымат кызматынын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин Шаикованын кызматтан алынганы боюнча социалдык тармактарда кеп тарап, бирок мекеме кызматкерлери аны четке каккан болчу.

Ал Мамкаттоонун башчылыгына 2018-жылдын 14-февралында дайындалган.

1-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы паспорт даярдоо боюнча тендерге байланыштуу иликтөө жүргүзүп жаткандыгы белгилүү болгон. 16-апрелде иликтөөнүн жыйынтыгы менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилик кызматындагы 3 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин УКМКнын маалымат кызматы тастыктаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан