Бүгүн, 25-январда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Жанат Бейшенов транспорт жана жолдор министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын расмий сайтына жарыяланды.
24-январда Жогорку Кеңеш транспорт жана жолдор министри кызматына Бейшеновдун талапкерлигин колдошкон. Жалпы 94 депутат катталып, баары "макул" деп добуш беришкен.
Анын талапкерлиги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан сунушталган.
Жанат Бейшенов 1970-жылы туулган.
1993-1996-жылдары "Альтаир" соода-сатык компаниясында иштеген.
1996-1997-жылдары "Эржан" Кыргыз-Орусия биргелешкен ишканасынын директору болгон.
1998-2000-жылдары өкмөт аппаратында иштейт, 2005-жылга чейин Чехиядагы соода-сатык боюнча өкүл болгон.
2005-жылдын октябрь айында транспорт министринин орун басары кызматына келген.
2017-жылы Евразия экономикалык комиссиясында темир жол транспорту бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
2014-2015-жылдары премьер-министрдин кеңешчиси болгон.