Орозбек Опумбаев УКМКнын төрагасы болуп дайындалды

Орозбек Опумбаев мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Буга чейин Опумбаев УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары кызматын ээлеген. 2008-жылы ал Ош шаары жана Ош облусу боюнча атайын кызматынын бөлүм башчысы болгон.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин буга чейинки төрагасы Идрис Кадыркулов паспорт чуусунан 15-майда кызматынан кеткен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан