Садыр Жапаровдун иши Жогорку Сотто кайра каралды (видео)

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Сотто абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун соту уланууда. 23-апрелде соттук иши 30-апрелге жылдырылган болчу. Мындай чечим Жогорку Соттун соттук коллегиясына карата адвокаттар ишеним көрсөтпөгөндөн кийин кабыл алынган.

16:03. Отурум саат 16:00дө башталары айтылган. Учурда ЖМК өкүлдөрүнүн арасынан видеооператорлор, Жапаровдун жакындары сот залына киргизилди. Отурумга катышуу үчүн келгендер сот залынын тардыгына нааразычылыгын айтышууда.

16:09. Сот залына соттук коллегиянын мүчөлөрү келди. Соттук отурум ачык деп жарыяланды.

16:12. Адегенде Жапаровдун жактоочулары - Замирбек Базарбеков, Шарабидин Токтосунов, Бактыбек Асамудинов, Акин Токталиев, Аида Абдырахманова, Имаралы Эшматов тааныштырылды. Сот алардан соттук коллегия мүчөлөрүнө каршылыктар жокпу деп сурап, каршылык жок деген жоопту алды. Сот залындагылардан видеого жана сүрөткө тартууга уруксат берүү өтүнүчү келтирилип, соттук коллегия камеранын объективин соттор тарапка эмес, зал тарапка буруп алып тартууга уруксат берише турганын айтышты.

16:23. Отурумда Садыр Жапаровго козголгон кылмыш иш жана буга чейинки соттордун чечимдери угулууда.

16:25. Сөз Садыр Жапаровдун жактоочуларынын бири Замирбек Базарбековго берилип, ал Жапаровдун күнөөсү далилденбей туруп камалып кеткен деп айтты. Жаңы кылмыш кодексине ылайык, Жапаровдун ишин 7 жыл 6 айга төмөндөтүп берүүнү суранарын, адилеттүү чечим кабыл алынат деп ишенерин белгиледи.

16:36. "Жапаровдун күнөөсүз экенин жаш балдардан тартып, улгайган адамдарга чейин эле билет. Жаңы кодекс менен караганда соттор аны дароо коё бериш керек эле. Садыр Жапаровдун Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу аракети далилденген эмес, Каптагаев өзү да аны актоону өтүнгөн. Ага карабастан соттор жаза чектеди. Бул маселе Жогорку Кеңеште козголгондо сот "Жабырлануучу доо арызын кайтарып алса да ишти токтото албайбыз, оор эмес иш болсо токтомок" деген", - деди жактоочу Токтосунов. Токтосунов жаңы кодекстин негизинде Жапаровду ушул жерден актоону, андай мүмкүн болбосо Жогорку Соттун, ага чейинки соттордун чечимин жокко чыгарып, жагдайларды кайрадан карап чыгуу өтүнүчүн келтирди.

16:50. Сөз жактоочулардын бири Акин Токталиевге берилип, ал: "Бул жерге он чакты жактоочу келди. Анын бири мен. Иш менен таанышып, Жапаровдун күнөөлүү экенине ишенсем келмек эмесмин. Ушунча жактоочу жок жерден келген жок", - деп соттордун ишмердүүлүгүнө болгон нааразычылыгын да кошумчалап өттү.

17:00. Прокурор сотко Садыр Жапаровду 10 жылга эркинен ажыратуу өтүнүчүн келтирди. Ал буга чейинки соттордун чечимдери өзгөртүлүп, 10 жылга эркинен ажыратуу өтүнүчүн келтиргенде сот залындагылар ызы-чуу боло түштү. Саясатчынын тарапташтары прокурорду жемелеп жатышат.

17:18. Соттук коллегия кеңешме залынан кайта элек. Залда соттолуучунун тарапташтары, жактоочулары абалды талкууга алышууда. Прокурорду жемелегендерди мурдагы депутат Жылдыз Жолдошова тынчтанууга чакырып, эмоциясын басуу керек экенин айтты. Алар эми сот акыйкат чечим чыгарса деген үмүт менен соттук коллегияны күтөбүз дешүүдө.

17:28. Сот залындагылар соттук коллегияны күткөнчө кезектешип сөз сүйлөп жатышат. Алар эмне үчүн Садыр Жапаровду колдой турганын айтышууда. Алардын бири Чоң-Алайдан 2 айлык пенсиясын топтоп келгенин айтты.

17:30. Соттук коллегия кеңешме залдан кайтып келип чечимди окуду. Анда буга чейинки соттук чечимдер өзгөртүлүп, Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 11 жыл 6 айдан 10 жыл болуп кыскартылганын айтты.

17:38. Жактоочу Шарабидин Токтосунов соттун чечими менен макул эмес экенин айтты. Алдыда ал кайра Биринчи Май райондук сотуна жаңы жагдайлар боюнча кароо өтүнүчү менен кайрыларын белгиледи.

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. 2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Жаңы ишке кирген Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодексине байланыштуу Жапаровдун иши 23-апрелде каралып, кайра 30-апрелге жылдырылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Azi81
2019-04-30 16:53:27
Садыр жапаров акталсын кыргыз эли сиз менен!!!
+5
Gema
2019-04-30 17:00:00
Azi81,кайсы эл?
-8
elchi84
2019-04-30 17:13:43
Тушунбодум ушул сотко барымтага алды дейт кимди?Митинге даярдады дейт болбогон митинге? Болуп келе жаткан ар дайым митингдердин уюштуручулардын бардыгын камабайсынарбы анда.24 -март 7-апрелде болгон митингдердин уюштуруучарды дагы соттобойсунарбы анда?
+2
Alixan-Nookat.2015
2019-04-30 17:40:01
Мен актайт деп үмүт кылдым эле соттор өз алдынча чечим чыгар албайт экен эгер өз алдынча чечим чыгарганда акталмак. Күмтөр жогорку жакта иштегендерге акча берип оозун жаап койгон, жогору жактан ошондой буйрук келди да кыскартып кой бир жылга деп, азыркы бийликке ишеним өлдү
+1
Almaz.bim
2019-04-30 17:49:29
Сокенин бир жакшылыгын горбодукго.
Эмне гозу корбу же карби эмнеге колунан келген нерсеге унчукпай отурат ошол эле чечип койсо болмок.Мирзияев кече эле келседа Сокеден акылдуу и баамдуу екен.Ураан эмне болуп жатат эмнеге бийликтин башында болуп туруп ун катып жатат. ХХХХХ
+4
JENTLEMAN
2019-04-30 22:31:12
Кайра 10 жыл кылып алып барып камап коюптурго)) андан көрө сот кылбай эле койбопсуңарда)).
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан