Бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов абактагы саясатчы Садыр Жапаровго мунапыс колдонулбай жатканын айтты.
"Садыр Жапаров "Кумтөр" маселесин экологияга болгон зыянын, ал жакта канча алтын өндүрүлүп жатканын ийне-жибине чейин иликтеп чыгам деп абакка отуруп калды. Чынын айтканда Атамбаевдин тапшырмасы менен Садыр Жапаров 11 жылга эркинен ажыратылды. Кылмыш ишин карай турган болсок ал Эмил Каптагаевди барымтага алды деп айыпталды. Каптагаев өзү Жапаров барымтага алган эмес деп жатса да соттун чечими менен 11 жылга эркинен ажыратылган. Мунапыс баарына колдонулуп, эмнеге Садыр Жапаровго колдонулбайт? Сот акыйкаттуу карагыла. Кыргыз эли Садыр Жапаровдун күнөөсү жоктугун билет. Кантип соттор анын күнөөсү жок экенин билбей калсын?" - дейт Жамалдинов.