Абактагы саясатчы Садыр Жапаров президенттен ырайым сурады. Маалыматты мурдагы депутат Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов ырастап, каттын президенттин дарегине жөнөтүлгөнүнө бир айдай болуп калганына токтолду.
"Жогору жактан Садыр Нуркожоевичтин жакындарына "Өзү ырайым сурап арыз жазса бошотобуз" деп айтышкан экен. Мен билген эмесмин, бир ай болуптур. Кат президенттин дарегине жетип, президенттик аппараттан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кайра жөнөтүлгөн. Бирок ушул кезге чейин эч кандай жыйынтык жок. Негизи он төрт иш күндүн ичинде бир жообу айтылышы керек болчу", - деди жактоочу.
Жактоочу Садыр Жапаровдун арызын жеке баракчасына жарыялады. Анда төмөндөгүдөй жазылган:
Кыргыз Республикасынын президенти
Жээнбеков Сооронбай Шариповичке
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 227-беренесинин 2-бөлүгү менен соттолуп, учурда жаза мөөнөтүн номер биринчи түзөтүү колониясында өтөп жаткан
Жапаров Садыр Нуркожоевичтен
Ырайым боюнча өтүнүч
Мен, Жапаров Садыр Нуркожоевич, 1968-жылы 6-декабрда төрөлгөм. Кылмыш-Жаза Кодексинин 227-беренесинин 2-бөлүгү (барымтага алуу) боюнча Биринчи Май райондук соту тарабынан 02.08.2017-жылы соттолуп, 11 жыл 6 айга эркиндигимден ажыратылгам. Бул айып жасалма жана Атамбаевдик режимдин саясий буйрутмасы менен болгону жалпы элге маалым. Элди алдашыбыз мүмкүн. Бирок Кудайды алдай албайбыз. Барымтага алууда менин кымындай да тиешем жок экенин Кудай көрүп турат. Бирок ошентсе да, 2017-жылдын 25-мартынан баштап, бүгүнкү күнгө чейин адилетсиз камакта жатам. Ушул аралыкта күйүттүн айынан атам менен энем көз жумушса, кечээ жакында балам Дастан бул дүйнө менен кош айтышты. Азыр жакындарым оор акыбалда турушат. Ушуга байланыштуу мага ырайым берип, абактан бошотууңузду өтүнөмүн.
Жапаров Садыр Нуркожоевич
Окуянын чоо-жайы:
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан, өзү чет өлкөдөн кайтып келе жатканда кармалып камакка алынган. Ал учурда Садыр Жапаровду миңдеген тарапташтары жолугуу үчүн күтүп турушкан. УКМК жолугууга жол бербей чек ара күзөт бекетинен кармап кеткен.
2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Быйыл 30-апрелде Жогорку Сотто абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралып, соттук коллегия анын жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан.