Садыр Жапаров туулган айылына келип, апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууда

Абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаров апасын жерге берүү зыйнатына катышууга бүгүн, 9-мартта эртең менен Түп районунун Кең-Суу айылына келди. Бул тууралуу саясатчы менен кошо барган журналисттер кабарлашты.

Маалыматка караганда, ал алгач атасынын күмбөзүнө барып куран окуду. Андан ары саясатчыны тууган-уругу үйүнө алып келген.

Садыр Жапаровдун апасы Кадижан Максутова Бишкектеги ооруканалардын биринде 7-мартта каза болгон. Буга чейин 2017-жылы анын атасы каза болгондо жаназасына катышууга уруксат берилген эмес.

Садыр Жапаров 2017-жылы "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Ал Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 колонияда жазасын өтөп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
maralum93
2019-03-09 10:08:10
Бийликтегилерге рахмат
+5
Gulnyr19
2019-03-09 10:46:20
Жайы жаннатта болсун
+13
miss2014
2019-03-09 11:01:21
Эне биздин жайы жанаттан болсун. Сооронбай Шариповичке алкыш. Эне деген кандай ыйык, Садыр Жапаровко терен кайгыруу менен конул айтабыз, сабыр тилейбиз.
+15
bessmertiy
2019-03-09 11:08:16
Садыр байке кайрат кылыңыз. Бул жашоодо адамдын башына нелер келет да нелер кетпейт. Көкүрөгүңүздө кек калгандыр. Убагы келет. Бул күндөр да өтөт.
+18
datkaaiym
2019-03-09 13:13:11
Арты кайтылуу болсун.менде бир суроо бар турмодо отурган бардык адамдар топурак салганга мыйзам боюнча мумкунчулугу барбы же саясатчыларга элеби?билгендер болсо жооп берип койгулачы
+6
tram-lam
2019-03-09 13:38:49
datkaaiym,билишимче жаза отоп жаткан адамдын эмне себептен камалганына, ал адамдын коомдогу орду,олкодогу абал, каада-салт ж.б. таасир этет
+3
Nur777
2019-03-09 13:19:01
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун апанын..
+3
bekov01
2019-03-09 13:47:41
Садырдай уулду тарбиялап остургон енебизге Алла ыраазы болуп бейишин насип етсин. Садыр Нуркожоевичке сабыр тилейм
+10
DAKS
2019-03-09 14:07:24
Садыр Жапаровтой эли-жери деп куйгон инсанды тарбиялап остургон ата-энесине алкыш!!!
Апанын жаткан жери жайлуу болсун, бейиштен омурун берсин!
Садыр байкеге сабыр куч кубат тилейм.
+9
meku9205
2019-03-09 15:02:04
Арты кайрылуу болсун меккеге алып барам деген тилеги орундалбай калды жаткан жери жайлуу топурагы торгоо болсун.
0
Romantik.
2019-03-09 15:23:52
Садыр жеген эмес экен э, үйү карапайым элдикиндей. Башкалар Айыл Өкмөт болуп алса эле сразу жеп баштайт, уй салат
+4
Malik92
2019-03-09 15:37:26
Садыр Жапаровдун Ата-Энесинин каза болгонуна арам тамактар күнөөлүү. Силердин да күнүңөр бүтөт, жооп бере турган күнүңөр келет шашпагыла.
+3
Samar90
2019-03-09 16:27:08
Садыр байке сабыр кылыныз жакында биротоло чыгып каларсыз
+1
bond02
2019-03-09 16:29:04
Кандай оор кундорду башынан откоруп жатат Садыр, сабыр берсин эми, бир кун акыйкат калкып чыгаар.
+1
Mamiev
2019-03-09 16:29:33
Жапаровдун жактоочусу кайра кайра президентке кат жөнөткөм дейт да. Абдушукур ажы дагы кат жөнөттү эл дагы суранды көпчүлүктү кошуп сүйлөсө. Садыр ага сабыр кылын
+2
karona12
2019-03-10 19:00:49
камерага тушуп калыш учун далай саясатчы коштоп барды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан