Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровдун иши боюнча Башкы прокуратурага ачык кат жолдоду. Катты ал фейсбуктагы баракчасына жазып, баш прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылган.
"Өткүрбек Асилбекович, сизге социалдык тармак аркылуу ачык кайрылууну чечтим. Башкы прокуратура да коомчулукка төмөндөгү маселе боюнча ачык жооп берет деп ойлойм", - деп башталат Каптагаевдин кайрылуусу.
Ошондой эле ал өзүн барымтага алууда Садыр Жапаровдун тиешеси бар экендиги кылмыш иште далилденбегенин бир нече жолу айтып келе жаткандыгын белгилеген.
"Жеке менин барымтага алуу маселеси боюнча ага эч кандай доом жок, ал Караколдо болгон эмес. Садыр Жапаровду Кенжебек Жумабаевдин көрсөтмөсү боюнча эле 11 жыл 5 айга камап коюшту. Жумабековдун өзүн жалган көрсөтмө бергендиги үчүн 8 жылга эркинен ажыратышкан. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө барымтага алуу Жапаровдун буйругу менен болгонун, ошол учурда Жапаров менен телефон аркылуу байланышып жатканын айткан", - деген Каптагаев. Ошондой эле мурдагы губернатор Жумабаевдин 8 жылга кесилгенине карабастан, эркиндикте жүргөнүн жазган. Мындан тышкары, ал Жапаров алыста болуп туруп барымтаны уюштура албай тургандыгына көңүл бурган.
"Буга байланыштуу Садыр Жапаровго козголгон кылмыш ишти дагы бир жолу карап чыгып, кошумча тергөө жүргүзүп, анда Кенжебек Жумабаевдин ролун кароону өтүнөм. Эгер ал чын эле калп көрсөтмө берген болсо Садыр Жапаров акталып, эркиндикке чыгышы керек. Ал эми Жумабаевдин аракеттерине юридикалык баа берилүүсү зарыл. Мындан тышкары, бул ишти тергеген тергөөчүлөрдүн да жоопкерчилиги каралышы керек", - деп жазылат кайрылууда.
Окуянын чоо-жайы:
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы башаламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып камакка алынган. 2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Быйыл 30-апрелде Жогорку Сотто абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралып, соттук коллегия анын жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан.