"Аэропорттогу бажычылар адамдардын кол сааттарын карап, контрафакт экенин аныктап калышыптыр" дейт депутат

"Аэропорттогу чек ара жана бажы көзөмөлүнөн өтүп жаткан жүргүнчүлөрдүн колундагы саатты бажы кызматкерлери контрафакт экенин карап туруп эле аныктап калыптыр" деп бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди.

"Аэропортто кызыктай коррупцияга тиешеси бар эки учурду белгилегим келет. Жүргүнчүлөр аэропорттогу чек ара жана бажы көзөмөлүнөн өтүп жатканда бажы кызматынын кызматкерлери карап туруп эле адамдын колундагы сааттын контрафакт экенин аныктап коюшат экен. Алар ушундай кесипкөй экен да анда, карап туруп эле аныктап коюп жатышса.

Бажы кызматынын кызматкерлери "контрафакт эмес экенин далилдеп бер" дешип саатты чечтирип алып текшеришет экен. Бул ачык эле "сүйлөшүп, чечишип ал" деген ойго түртөт. Канча миңдеген конокторубуз келип жатат, анан алар да ушундай нерсеге туш болушса, уят көрүнүш болот. Бул нерсени көзөмөлгө алуу керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан