Сапар Исаков: "Жабырлануучу тарап бир нече жолу калп көрсөтмө берди"

Бүгүн, 22-майда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча соттук отурум уланды.

КСДПнын басма сөз кызматы билдиргендей, соттук отурумдун жүрүшүндө "Электр станциялары" ишканасынын өкүлү Урматбек Камбаров жабырлануучу катары суракка алынды.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков судьяга "Электр станциялары" ишканасынын өкүлүнүн калп көрсөтмө бергенине көңүл бурууну өтүнүп кайрылды. "Ал муну толкунданганынан улам атайын жасаган жок деп ойлойм. Биз колубузга соттун протоколун алгандан кийин, ал кайсы жерлерин калп айтканын айтам" деди Исаков. Мындан тышкары, жабырлануучу тараптын өз алкагынан чыгып кетип жатканын жана мамлекеттик органдар үчүн жооп берип жатканын кошумчалады.

Ошондой эле Исаков жабырлануучу тарап соттолуучулар менен жактоочулардын берген суроолоруна жооп бере албай, соттолуучуларды шылдыңдап жатканын билдирди.

Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов сурактын жүрүшүндө эмне үчүн сотко парламент депутаттары айыпталуучу катары тартылбаганына кызыкты. "Эмне үчүн силер парламенттик комитеттердин төрагаларын күнөөлөбөйсүңөр? Парламенттен ратификациядан өтпөй туруп, ТВЕА менен бекитилген келишим күчүнө кирмек эмес", - деди Токтакунов.

Буга жооп кылып Камбаров бул маселени ошол кезде энергетика министри болуп иштеген Осмонбек Артыкбаев түздөн-түз сүрөгөнүн айтты. "Артыкбаев депутаттардан кол коюп бергиле деп суранып, кыдырып жүргөн. Андан тышкары, тергөө айыпталуучу катары дал ушул соттолуучуларды табууну чечкен", - деди Камбаров.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат", - деп жазылган.

Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан