Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталган мурдагы 8 аткаминердин жактоочуларынын соттук отурумдар кенен залда өтсүн деген кайрылуусу четке кагылды

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталган мурдагы 8 аткаминердин жактоочулары Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунун төрайымына кайрылышкан болчу. Анда алар соттук отурум өткөн зал тар болгондуктан айыпталуучулардын жакындары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү отурумга катыша албай жатканын белгилешип, кененирээк залды камсыздап берүү өтүнүчүн билдиришкен. Бүгүн, 2-апрелде жактоочулар ал кайрылууга жооп алышканын айыпталуучулардын бири, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов маалымдады. Анын билдирүүсүнө ылайык, райондук сот кенен зал менен камсыздоо отурумдун башка катышуучуларына зыянын тийгизет жана тараптардын теңдик принцибин бузат деген жүйө менен өтүнүчтү канааттандырган эмес.

"Эртең саат 9:30да Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоо боюнча козголгон кылмыш ишти кароо өтөт. Кененирээк зал менен камсыздоо өтүнүчүбүз - мындай шарт тараптардын теңдик принцибин бузат деген жүйө менен четке кагылды. "Кагаз баарына чыдай берет" дегендей, кайсы бир деңгээлде алдыда боло турган отурумдардын кандай болорунан кабар берүүдө. Далилдердин, аргументтердин айтылуусу күтүлбөй жатат, бирок биз, жактоочулар мыйзам иштеп жаткан сыяктуу кадамдарды жасай беребиз. Ал эми баарына чыдаган кагаз ага жазылгандын баарын акыйкаттык үчүн тарыхка сактап да берет эмеспи", - деп жазган Токтакунов өзүнүн билдирүүсүндө.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат", - деп жазылган.

Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан