Темир Сариев УКМКнын сурагынан чыкты. Суракта ал бир саат болду. Анын айтымында, ал күбө катары 2-3 маселе боюнча тактоочу маалыматтарды берди.
"ЖЭБ боюнча түзүлгөн келишим тууралуу Экономика министрлигинин 2013-жылдагы өзгөчө пикири бар болчу. Тергөөчүлөр ошол боюнча тактоочу суроолорду беришти. Эгер дагы суроолору пайда болсо, кайра чакырышы мүмкүн", - деди сурактан кийин журналисттерге Сариев.
Темир Сариев 2011-2015-жылдары экономика жана антимонополдук саясат министри болуп турган.
Буга чейин ал 13-июнда биринчи жолу сурак берип чыккан эле. Анда да Сариев ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу коррупция фактысы боюнча күбө катары чакырылган. Сурак берүү убактысы болжол менен 2 саатка созулган.
Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.