Темир Сариев УКМКга суракка кирип кетти

Бүгүн, 19-июнда мурдагы премьер-министр Темир Сариев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка кирди. Ал ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу коррупция фактысы боюнча күбө катары чакырылганы белгилүү.

Сариев УКМКга кирип бара жатып "өткөндө бардык суроолоруна жооп бергем, бүгүн эмне үчүн чакырганы суракта билинет" деп журналисттерге билдирди.

Буга чейин ал 13-июнда биринчи жолу сурак берип чыккан эле. Анда да Сариев ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу коррупция фактысы боюнча күбө катары чакырылган. Сурак берүү убактысы болжол менен 2 саатка созулган.

Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Темир Сариев УКМКда 1 сааттай сурак берди
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nur...nur.
2018-06-19 16:58:44
Сурака чакырса деле кулгон болуп чыгышат
0
stimyl.kg
2018-06-19 17:01:45
Күлүп ак адам сыяктуу көрүнүшүп атып эле чыкпай калып атышат. Темике да чыгат бекен))
+3
bond02
2018-06-19 17:53:19
Эми жакшы жеринен кармагыла, темирдей катуу.
0
jbolotov
2018-06-19 17:55:12
Кыргызстанда чон долбоорлор чон кызматтагыларга берчусун бербесе иш журбоору баарыбызга маалым,Премьер болуп турганда Торугарт жолу боюнча миллиондогон доллар жеди деген ызы чуу менен кетти эле, эмне учун кубо катары чакырылат? Жегенин толотушсо экен. Ансызда эл билет кимдин ким экенин.
0
Ermekbai
2018-06-19 18:02:37
Чыгарбай койгула ха ха ха
+1
karakulja
2018-06-19 18:11:42
ХХХХХХХ салып
0
admin_superstan
2018-06-20 10:20:35
karakulja, кимдир-бирөөну мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган! Эскертүү!
0
surgeon777
2018-06-19 18:14:44
Ушинтип акырын-акырын жем чачып улам чакыртып атып акырында УКМК укуругуна чалып тушурот))
+2
Suzak12
2018-06-19 18:27:12
Алтын балыктар колго тушо баштаганго Акматбекти саагандай кылып саап чыгарса жакшы болот ушулардан эле чыгат карыздар эгер жакшы турса.
+1
tnz
2018-06-19 22:03:20
Ээ болгону кичинекей курсагынар бар ошол учун ушунча жеп эмне кереги бар эле ач калбасан болду да ашыкчасы учун баар жооп берет. Темир Сариев пока кубо болуп кийин аралашып кетпейби ыя?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан