Жалал-Абад шаарынын мэри, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана анын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар Бишкек ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу кылмыш иши боюнча кармалды. "Салайдин Авазов менен Жолдошбек Назаров УКМКнын тергөө абагына камалды. Тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн.
Буга чейин "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев УКМК тарабынан кармалган. Ошондой эле ишкананын техникалык директору Алмаз Жусупбеков, ишкананын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев, "Электр станциялары" ишканасынын модернизациялоо тобунун жетекчиси Темирлан Бримкулов да кармалгандыгы маалымдалган.
Ал эми 30-январда Башкы прокуратура Бишкек жылуулук электр борборундагы өндүрүштүк кырсык боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш иши козголгону маалымдалган.