Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы күчөтүлгөн режимде иштеп баштады. Тийиштүү буйрукка мекеменин жетекчиси Мелис Тургунбаев кол койду.
Андагы маалыматка караганда, ЖАМК Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдын жаралуусуна жол бербөө максатында күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү.
Буйрукка ылайык жаза аткаруу мекемелеринде өрт коопсуздугунун сакталышы, жерлерди казууга каршы иш аракеттер, укук бузуулардын алдын алуу иш-чаралары уюштурулат.