Орусиялык белгилүү модель, актриса Ирина Шейк менен америкалык актёр, режиссёр Брэдли Купер эки жолго түштү. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар түгөйлөрдүн жакындарына таянуу менен жазып чыгышты.
Айрым дүйнөлүк маалымат каражаттары Брэдли Купер менен Ирина Шейктин эки башка жолго түшүүсүнө ырчы, актриса Леди Гага себеп болгонун жазып чыгышты. Брэдли Купер менен Леди Гага "Жылдыз төрөлдү" тасмасына чогуу тартылгандан кийин сүйүү мамилесин куруп баштаган деген маалыматтар айтылууда.
Учурда Ирина Шейк менен Брэдли Купер 2 жаштагы кызы ким менен кала турганын чечишүүдө. Ал эми ажырашуусу боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.
33 жаштагы супер модель Ирина Шейк менен 44 жаштагы Купер 2015-жылдан бери мамиле куруп келишкен. Түгөйлөр 2017-жылы Лея де Сьен Шейк Купер аттуу кыздуу болушкан.