Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча тергөө абагына камакка алынган мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын абалы начар. Бул тууралуу анын аталаш сиңдиси Чынара Турдалиева SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, Саляновага СИЗО-1ге камакка алынган күндөн баштап ден соолугуна байланыштуу 2 жолу "Тез жардам" кызматы чакыртылган.
"Аида Салянованын жүрөгү ооруй турганы баарына эле маалым. Биринчи жүрөк оорусу иниси каза болгондо кармаган. Текшерүүдөн өткөндө дарыгерлер жүрөккө операция жасалышы керек деп айткан. Бирок сот иштери, башка дагы маселелери менен алышып жүрүп операцияны улам артка жылдырып келген.
Туугандары СИЗО-1ге кире албай жатабыз. Болгону жактоочу гана кирип чыгууда. Ал бүгүн кардиологдорду чакырып толук текшерүү жүргүзүү аракетин кылып жатат. Бирок азыр дарыгерлер кире элек. Себеби алар СИЗО-1ге кириш үчүн атайын документтер дагы толтурулушу керек экен. Учурда ошол документтерди топтоо аракеттерин көрүп жатабыз", - деди Турдалиева.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Аида Саляновага кечээ түнү "Тез жардам" кызматы чакырылбаганын айтты.
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталып, 26-июнга чейин СИЗО-1ге камакка алынган.