Камакка алынган мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева үй камагына чыгарылды

Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча камакка алынган мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы ишеничтүү булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, Динара Сагинбаева 16-майда Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык 26-июнга чейин СИЗО-1ге камакка алынган. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен жактоочусу сотко кайрылган. Биринчи Май райондук соту кечээ, 22-майда кечинде жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, Сагинбаеваны үй камагына чыгарган.

Буга чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. Ал эми 15-майда мурдагы саламаттыкты сактоо министри, учурдагы Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаева жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да кармалган.

2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен. 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып, "мыйзамдагы уурунун" иши январдан баштап кайра каралып жатканын билдирген. Маалыматта белгилүү болгондой, Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти Башкы прокуратура кайра карап, андан ары улантуу үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bek_tash
2019-05-23 09:34:09
Жайлапсыңар! Эртең КР дан чыгып кетет, кутулат ошо менен.
+3
007aym
2019-05-23 10:12:37
Баарын акчага сатып алды да бул
+3
semo
2019-05-23 15:21:19
неге чыгат анда турмодогулордун баарын чыгаргыла закон баарына бирдей
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан