Бишкектеги №1 тергөө абагында Аида Салянованын өмүрү коопсуздукта. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, айыпталуучу Салянова аялдардын режимдик корпусуна жайгашкан. "Абакта отургандардан анын дарегине эч кандай коркунучтар болгон жок. Салянова өзү тергөө абагынын жетекчилигине коркутуулар болуп жатат деп арызданып кайрылган эмес. Медициналык кызматкерлер ага керектүү жардам көрсөтүүдө. Адвокаттары, депутаттар, прокуратура кызматкерлери ага эч тоскоолдуксуз келип жолугушууда", - дейт ЖАМК.
Бүгүн маалымат жыйынында адвокат Рабига Сыдыкова Салянованын дарегине кримчөйрөдөн коркутуулар болуп жатканын айткан. "Баш коргоо чарасы каралып жатканда да, учурда да мындай билдирүүлөр келүүдө. Салянованын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч бар. Президент бул ишти көзөмөлгө алып, мыйзам чегинде караларына үмүттөнөбүз", - деген Сыдыкова.
Мурдагы баш прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга катышкан деп айыпталууда.