"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин кылмыш ишин иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2 дарыгер кармалды. Алар СИЗО-1ге 2 айга камалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган дарыгерлер Батукаевге рак илдетине кабылды деген диагноз коюшкан. Алар Э.М. аттуу дарыгер жана И.Ц. аттуу лаборант экендиги белгилүү болду.
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Азиз Батукаевдин кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштери жүрүп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу толук маалымат берилбей турганы айтылды.
2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен. 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып, "мыйзамдагы уурунун" иши январдан баштап кайра каралып жатканын билдирген.