Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу: Аида Салянова сотко алынып келди

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кайра каралып жаткан иш боюнча кармалган мурдагы баш прокурор Аида Салянованы Биринчи Май райондук сотуна саат 16:30да алып келишти. Бүгүн анын баш коргоо чарасы аныкталмакчы.

Сот саат 10:00дө башталышы керек болчу, бирок Биринчи Май райондук соту жабык болгондуктан процесс качан, кайсы убакта башталары белгисиз болгон. Соттун алдында Аида Салянованын апасы, Өмүрбек Текебаевдин аялы, туугандары, тарапташтары жана колдоочулары келген. Ал эми эл өкүлдөрүнөн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Мирбек Айтикеев келген. Күтүү учурунда Салянованын апасы өзүн жаман сезе баштаганда аны ооруканага алып кетишкен.

Окуянын чоо-жайы:

16-майда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилген. Ага чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. 21-майда мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов да кармалып, 26-июнга чейин камакка алынган.

Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу. 2013-жылы башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, "айыккыс дартка кабылган адамдын" абактан бошотулушу мыйзамдуу деп айткан. "Биз, бизде бар мыйзамдар менен иштедик. Эгер сиздер мыйзамдагы уурунун иши башкача, башка адамдардын иши өзүнчө каралышы керек десеңер, ошондой мыйзам кабыл алгыла. Биз ошого карата иштейбиз", - деген ал.

Салянова сотко алып келинди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bars88
2019-06-05 16:43:14
Качан эле жонокой адамдар ооруса чыгардынар эле
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан