Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча ачылган иштин алкагында кармалган мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун баш коргоо чарасы кандай болуп өзгөргөнү айтылбайт. Мындай жоопту SUPER.KG'ге ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Жапаркулова айтты.
"Азиз Батукаевдин иши боюнча кармалган Шамиль Атахановдун баш коргоо чарасы кандай болуп өзгөргөнү тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт. Анын баш коргоо чарасы камакка алуудан башка чарага өзгөртүлгөн", - деди Жапаркулова.
7-июнда тергөөнүн жүрүшүндө Атаханов Бишкектеги №1 тергөө абагынан ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген. Анда жактоочулардын катышуусунда тергөө менен кызматташууга ниети бар экенин билдирген, буга байланыштуу анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, Атаханов аталган мекеменин эч бир абагында жок.
"Биздин мекемелерге тиешелүү тергөө абактарында Шамиль Атаханов кармалып турган жок. Ага башка чара көрүү үчүн баш коргоо чарасы өзгөргөнү маалым", - деди басма сөз кызматы.
Шамиль Атахановдун жактоочулары анын баш коргоо чарасы каралып жатканда сотко жоопкер Атахановдун шартын түшүндүрүп, жубайы ооруп жаткандыгын, аны жолдошунан башка карай турган адам жок экенин айтып, өтүнүч келтиришкени маалым.