Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кайра каралып жаткан иштин негизинде кармалган мурдагы башкы прокурор Аида Салянова СИЗО-1дин эки кишилик камерасында бир аял менен отурат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
Ал эми Кыйноолордун алдын алуу борборунун кызматкерлери Аида Саляновага 7-июнда жолугуп келгенин билдирди.
"Ал өзүнө карата катаал мамиле болбогонун айтты. Ошондой эле жүрөгү ооруп жаткандыктан кардиограммадан өтүп, текшерилүүнү суранган. Бүгүн, 10-июнда СИЗО-1ге кардиолог чакыртылып, текшерүүдөн өтмөк", - деди аталган борбордон.