"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин ишин иликтөөнүн алкагында камакка алынган лаборант Ирина Цоповага медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал СИЗО-1деги абактан 2 кабаттуу керебеттин 2-кабатынан түшөм деп бутун кокустатып алган. Жыйынтыгында анын бутунда жарака бар экени аныкталган. Эртең аны атайын травматолог келип көрөрү белгилүү болгон.
"Анын абалы жакшы жана эч кимге нааразы эмес", - деп билдирет маалымат катчы.
Буга чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. Ал эми бүгүн, 15-майда Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри, учурдагы Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаева камакка алынды.
2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен. 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып, "мыйзамдагы уурунун" иши январдан баштап кайра каралып жатканын билдирген. Маалыматта белгилүү болгондой, Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти Башкы прокуратура кайра карап, андан ары улантуу үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берген.