Бүгүн, 21-июнда Биринчи Май районунда экс-прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы каралмак. Ал буга чейин соттун чечими менен 26-июнга чейин камакка алынган болчу.
Соттук отурум саат 15:00дө башталмак, бирок белгисиз себептерден улам дагы деле баштала элек. Сотко экс-прокурор да алынып келе элек.
Учурда экс-прокурордун тарапташтары жана туугандары соттун имаратына чогулушуп аны күтүүдө.
Айта кетсек, Аида Салянова буга чейин абалы начарлап ооруканага жеткирилген болчу.
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталып, 26-июнга чейин СИЗО-1ге камакка алынган.