Бүгүн, 15-июнда Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча тергөө абагына камакка алынган мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Улуттук кардиология борборуна алып келинди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Салянованын тууганы Чынара Турдалиева билдирди.
Анын айтымында, дарыгерлер Салянованы тез арада ооруканага которуу керектигин сунуштап жатышат.
Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдиргендей, Салянованын ден соолугун текшерүү үчүн ал Улуттук кардиология борборуна алып келинди. "Абалы жакшы. Ооруканага которууну эч ким сунуштаган жок" деп билдирет басма сөз кызматы.
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталып, 26-июнга чейин СИЗО-1ге камакка алынган.