"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин ишин иликтөөнүн алкагында атайын прокурор кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк маалымат булактар кабарлады.
Маалыматка ылайык, кармалган кызматкер 2013-жылы атайын прокурор болуп иштеген. Ал эми азыркы учурда Нарын облустук прокуратурасында иштеп жаткан.
Биринчи Май райондук соту кечээ, 29-майда прокурордун баш коргоо чарасын караган. Анда сот прокурордун өтүнүчү менен өлкөдөн чыкпоо чечимин чыгарган.
Аталган маалыматты тастыктоо үчүн ИИМге жана Башкы прокуратурага кайрылганыбызда бул тууралуу маалымат жок экендигин билдиришти.
Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу.
16-майда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилген. Ага чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цоповакамакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген.