Бүгүн, 21-июнда Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча экс-прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы каралды. Ишти караган судья аны 26-августка чейин камакта калтырды.
Саат 15:00дө баштала турган соттук отурум 17:00гө жакын башталды. Ал эми кечки саат 21:00дө сот экс-прокурорду камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Буга экс-прокурордун тарапташтары нааразычылыгын билдиришти.
Ал эми Аида Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова ишти караган судья анын азыркы учурдагы ден соолугун эске албай чечим чыгарганына нааразы экенин жашырган жок.
"Дагы бир жолу биздин адилеттүүлүктүн жүзүн көрдүм. Аида Салянованы камакка алган күнү анын ооруп жатканын баары көрүшкөн. Ошондой эле катуу жөтөлүп, алы кетип, кыйналып жаткан болчу. Эгер ага өз убагында тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндө ден соолуугу мынчалык начарлабайт болчу. Учурда Аида Салянованын ден соолугу эле эмес, өмүрү да коркунучта.
Аны камакка алуунун зарылчылыгы жок болчу, азыр дагы жок. Ал СИЗОго отурганда ооруп калган жок, буга чейин эле ооруп жаткан. Бүгүнкү күндө ооруканада жатат, ден соолугуна байланыштуу сотко келе да алган жок. Эгер ал камалбаса мындай абалга жетпейт болчу. Аида Салянованын камакта отурушу аны коркутуу аракети, мындан башка буга түшүндүрмө жок", - деди Сыдыкова.