ИИМ: "Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча тергөө иши аяктап, шектүүлөргө айыбы угузулуп жатат"

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сотко чейинки өндүрүш аяктап, кылмышка шектүүлөргө айыбы угузулуп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

"Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотууга байланышкан сотко чейинки өндүрүш иши аяктады. Учурда кылмышка күнөөлүү бардык фигуранттарга айыптары угузулуп, тааныштырылууда. Жакын арада бул кылмыш иши Башкы прокуратура аркылуу сот органдарына жиберилет", - деп билдирет маалымат кызматынан.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altyn-kumush
2019-09-05 12:29:33
Батукаевди ким атайын учак менен өлкөдөн чыгарып жиберди эле, Атамбаевби?
+4
Ernestinio
2019-09-05 12:38:48
Батыраак бутуп, батыраак эл билсе экен куноолуулорду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан