24 жаштагы кызды зордуктоо окуясы: "Шектүү кыздын үйүнө бет капчан кирип, коркутуп 370 сом акчасын алып кеткен"

Ош шаарында 24 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда жабырлануучу кызга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене "каракчылык" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Себеби жабырлануучу кызга жасалган экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча зордуктоо беренеси коюлган жок. Кыздын айтымында, шектүү кыздын үйүнө бет кап кийип кирип, көз айнек тагынып, колуна учтуу буюм алып келген. Ал кыздын 370 сом акчасын уурдап кеткен.

Жабырлануучу кыздын айтымында, шектүү аны эки ай мурун карактап, сот аны шарттуу түрдө эркинен ажыраткан", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Окуя 20-июнь күнү саат 22:00 чамасында Ош шаарынын Гапар Айтиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болгон. Жабырлануучу кыз 24 жашта, ал эми шектелген жаран 27 жашта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Krasnyi.kg
2019-06-22 16:17:58
370 сом сураса мен жонеле берет элем
+1
aszyma
2019-06-22 16:20:25
Ошону айтсаң. 370сом таппай калыпбы. Иште жумуш жаса. Эшек десе
+1
farida.kg.1991
2019-06-23 00:52:18
370 сом учун иштесе 3000 5000 алатко
0
souza.j
2019-06-23 15:13:16
Кызды карактаган экен да мурун. Бул оч алуу экен. Орган кызматкерлери тонкий иш кылгыла . кызды олтуруп койбосун эмикисинде
0
amirrus
2019-06-23 23:43:53
370 сомго да камайбы,мурда тыкылдатып жургон да дагы тыкылдатып коеюн десе арыз жаза койгон окшойт ...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан